БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жаап өткөн жамгырдан улам Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагындагы унаа жолдо тоодон кум-шагыл аралашкан суу агып, таш кулоо коркунучу пайда болгон. Коопсуздук үчүн учурда жол эки жагынан жабылып турганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, таш кулоо коркунучу 22-июнда саат 18:30 чамаларында пайда болгон.
Учурда бир самосвал, автокран, жүктөгүч техникалары тартылып, атайын тосмолорду коюу аракеттери көрүлүүдө.