БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Чыгыштын балдары достошот" аттуу ΧI эл аралык балдар фестивалы өтө турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн колдоосу жана "Сейтек" улуттук борбору менен биргеликте өтө турган иш-чара 28-июнда башталып, 3-июлга чейин уланат. Фестиваль Тарых жана маданият жылынын алкагында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана "Сейтек" борборунун 80 жылдыгына арналууда.
Иш-чарага республиканын бардык дубандарынан 500гө чукул балдар-кыздар жана чет элдик меймандардын келүүсү күтүлүп жатат.
Фестивалдын катышуучулары үчүн экскурсиялар уюштурулмакчы.