Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө карата болгон акция Жеңиш аянтында саат 22:00дө башталган. Ага 250дөй киши катышып, 1418 шам жагылган.
22-июнда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Ал 1 418 күн уланып, 1945-жылдын 9-майында аяктаган. Расмий маалыматтарга ылайык, бул согушта совет эли 20 миллион кишисин жоготкон.