БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында ушул аптанын соңу менен №53 тергөө абагын ишке берүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, түштүк аймакта аялдарды кармоочу жайдын жоктугунан улам жаңы абакта кыз-келиндер кармалат. Ал тергөө учурунда камакка алынган 70 аялга ыңгайлаштырылган.
Учурда абактын ачылышы үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Ишке берилгенден кийин ал жакка Оштогу №25 тергөө абагында кармалган аялдар которулмакчы.