БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Торкент айыл аймагында Honda Stepwаgn үлгүсүндөгү унаа аласалып, эки каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдо бараткан унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткен. Мындан улам ал жолдон чыгып, оодарылып барып сайдын четине түшүп калган.
Натыйжада унаа ээси Ош шаарынын 27 жаштагы тургуну Бакыт Юлдашев жана 36 жаштагы жүргүнчү Нурбек Абдыкадыров ооруканадан каза болушкан. Калган алты кишинин абалы жакшы экени айтылууда.