БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө маршрутка менен Opel Zafira унаасы кагылышып, кырсыктан жети адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-июнь саат 20:30да Жаш Гвардия бульвары менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Анда №260 маршрутка менен Opel zavfira унаасы канышып, катуу соккудан улам кичи автобус дагы башка унаага барып урунган.
Маршруткадагы жети жүргүнчү түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Ал ортодо Opel Zafira унаасынын айдоочусу из жашырууга үлгүргөн. Учурда аны издөө иштери улантылууда.