БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Токтогул районуна караштуу Толук айылында унаа менен сууга кулап, төрт күндөн бери изделип жаткан 34 жашар жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-июнь күнү Толук айылында унаа сууга түшүп кеткен. Кырсыктын айынан 33 жаштагы эки жаран көз жумуп, дагы бир жүргүнчү издөөгө алынган. Ал эми унаанын ичиндеги 28-29 жаштагы эки жүргүнчү аман калган.
"Унаа менен кошо сууга кулап, 14-июндан бери изделип жаткан 34 жаштагы Кожобек уулу Болоттун сөөгү окуя болгон жерден бир чакырым төмөн жактан табылды", — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерине 15 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.