БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоону 2016-жылдын 18-сентябрына белгиледи. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлык расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Мамдуманын учурдагы чакырылышы 2011-жылдын ноябрында шайланып, мөөнөтү быйылкы жылдын сентябрь айында аяктайт.