БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолу 128-чакырымына кулаган таштардан тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 16-июнь күнү саат 22.20 чамасында Боом капчыгайына таш кулап жолду жаап калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя болгон жерге жолду тазалоочу унаалар тартылып, 17-июнга караган түнү саат 00.00дө 5 куб метр көлөмүндөгү таштар жолдон алып салынган.