00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
08:35
Ежедневные новости
08:00
2 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
25 студент тапшырса бирөө гана аягына чейин окуп нейрохирург болуп чыгат. Кесиптин оош-кыйышы тууралуу маек
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө PISA эл аралык изилдөөcү жүрүп жатат — бул билим берүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабы?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кинофорум «Умут» в Бишкеке: документалистика, диалог и новые имена
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан 2027-жылга чейин электр энергиясынын импортун жаба алабы?
13:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
На стыке наук — как врач из КР добился успеха в Турции
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Былтыр республика боюнча 279 жумушчуга кечиктирилген эмгек акы төлөнүп берилди
15:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Первый старт: как подготовиться к полумарафону Jaz Demi 2025
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Гүл өссө — жердин көркү. Бакча үчүн кандай гүлдөрдү өстүрүү оңой?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Нуждается ли в регуляции рынок недвижимости в Кыргызстане
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Тагдырды багындырган баатырлар: Бишкекте эл аралык «Үмүт» жаш киночулардын XII форуму өтөт
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Не только аплодисменты: откровения актрис театра о профессии и дружбе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Былтыр республика боюнча 279 жумушчуга кечиктирилген эмгек акы төлөнүп берилди
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жип жана мыктан жасалган Айтматовдун портрети 88 миң сомго бааланууда

© Фото / Азамат ЖаналиевЖип жана мыктан жасалган Чыңгыз Айтматовдун портрети
Жип жана мыктан жасалган Чыңгыз Айтматовдун портрети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сумма узундугу 2,5 метр, туурасы 1,25 метрди түзгөн портреттин баштапкы баасы.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чоң портретин жип жана мык менен жасап чыккан коомдук активист Азамат Жаналиев аны аукциондон сатууну пландап жатат. Өз эмгегинин алгачкы баасын ал 88 миң сом деп баалаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жаналиев Айтматовдун портретин үч жумада бүтүргөн. Ал эмнеге өз эмгегин аукциондо 88 миң сомдон баштап сатууну пландаганын мындайча түшүндүрдү.

"Быйыл улуу жазуучу көзү тирүү болгондо 88 жашка чыкмак. Ошондуктан анын баштапкы баасын 88 миң сом деп бааладым", — дейт активист.

Ал ошондой эле аукционго катышууну каалагандар өз арыздары менен 21-июнга чейин кайрылса болорун айтып, дал ушул күнү эң көп каражат сунуштаган тарап жеңүүчү болорун кошумчалады.

Өжөр студенттер 13,5 миң мыктан жана 20 чакырым жиптен желек жасашты
Анын айтымында, портреттин узундугу 2,5 метр, туурасы 1,25 метрди түзөт. Сүрөттү даярдоого болжол менен 3-4 килограмм мык кеткен. Ал эми жипти керек болгон көлөмдө колдонуп, канча кеткенин так эсептебегенин айтты.

2016-жылы март айында Мамлекеттик желектин күнүнө карата студенттер мык жана жиптен Кыргызстандын желегин жасашкан. Аны даярдоого 13 миңдей мык жана 20 чакырымдай жип кеткен. String art ыкмасы менен жасалган желек аукциондо 75 миң сомго сатылып, ал акча балдар үйлөрүнүн бирин оңдоого жумшалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0