БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Депутат Марат Аманкуловдун Бишкектеги үйлөр башаламан салынып жаткандыгы тууралуу айтканын КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди.
Курулуш жана архитектура боюнча Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында Аманкулов Мамлекеттик курулуш агенттиги деталдуу пландаштыруу иштерин жүргүзбөй жатканын билдирген.
"Менин оюмча агенттик бул иштерди атайылап создуктуруп жатат. 2013-жылы өкмөттүн токтому менен каржылоо маселеси чечилген. Бирок иш аягына чыга элек", — деди эл өкүлү.
Депутат профилдик ведомство курулуш жана архитектуралык саясатты чабал жүргүзүп жатканын белгилеген.
"Курулуш багытындагы саясатты ага кызыкдар тараптар башкарып жатат. Силер болсо мыйзамсыз жерге курулуп калган объектилерди мыйзамдаштырып жатасыңар. Көмүскө саясат күчөп кетти", — деп кошумчалады депутат.
Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетов учурда Бишкек, Ош жана Ысык-Көл облустары боюнча жаңы техникалык документтер даярдалып жатканын билдирген.