БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кытайдын жергиликтүү ЖМКлары Шанхайдагы эл аралык "Пудун" аэропортунда жарылуу болуп, андан бир киши жаракат алганын РИА Новости агенттиги билдирди.
#BREAKING Suspected explosion reported at Pudong Airport in #Shanghai, injuries feared pic.twitter.com/OaGNCNxnDQ
— CCTVNEWS (@cctvnews) 12 июня 2016 г.
Кытайдын борбордук теле каналы (CCTV) маалымдагандай, окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.42тар чамасында болгон.
Жарылуу тууралуу маалыматты Синьхуа агенттиги да бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдирди. Окуянын расмий чоо-жайы азырынча тактала элек.
Airport officials: Explosion at #Shanghai Pudong Airport caused by “self-made explosives,” at least 3 injuredhttps://t.co/SCEwXvFobq
— CCTVNEWS (@cctvnews) 12 июня 2016 г.
Синьхуа агенттиги Twitter социалдык тармактагы баракчасына жарылуу пиротехникадан улам болушу мүмкүндүгүн жана бир киши жабыр тартканын маалымдады.