Ысык-Көлдө балдар үйүндө тарбиялангандар арасында экинчи спартакиада башталды

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандагы балдар үйүндө жана интернатта тарбиялангандар арасындагы экинчи спартакиада.
Кыргызстандагы балдар үйүндө жана интернатта тарбиялангандар арасындагы экинчи спартакиада. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир жаштар арасында спортту пропагандалоого, ден соолукту чыңдоого багытталып, ага өлкөнүн жети облусунан келген сегиз команда катышууда.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы балдар үйүндө жана интернатта тарбиялангандар арасында экинчи спартакиада башталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди. 

Спорттук иш-чара 10-июнь күнү башталып, беш күнгө созулат. Ал Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.

Турнир жаштар арасында спортту пропагандалоого, ден соолукту чыңдоого багытталып, ага өлкөнүн жети облусунан келген сегиз команда катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0