БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кадамжай районунун Майдан айылындагы дарыяга агып кеткен кишинин сөөгү табылып, райондук ИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 3-июнда түнкү саат он эки, бирлер чамасында Кадамжай районунун Майдан айылынын тургундары 36, 32 жана 28 жаштагы тургундары бараткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү автоунаа белгисиз себептер менен кырсыкка учурап, дарыяга агып кеткенишкен. 36 жаштагы жана 28 жаштагы тургундар дарыядан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. 32 курактагы киши агып кеткен.
Куткарчуулары 3-июндан тарта жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 11-июнда агып кеткен жарандын сөөгү табылып, Баткен облусунун Кадамжай РИИБдин кызматкерлерине тапшырышкан.