БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Үй-бүлөдө эки же андан көп окуучу баласы бар ата-энелерди салыктын айрым бөлүктөрүнөн бошотуу сунушталууда. Салык кодексине киргизиле турчу тийиштүү толуктоолор коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгечи депутат Экмат Байпакбаев ата-энелер азыркы учурда деле жеңилдиктерге ээ экенин айтты. Бала бакчадан баштап окуу жайга чейин билим алып жаткан баланын ата-энеси кирешесинин 10 пайызына салык салынбайт. Бирок көпчүлүк жеңилдиктер аз болгондуктан аны колдонбойт.
Документтин негиздемесинде жыл сайын билим алуунун төлөмү жогорулап жатканы, анын өсүү темпи кирешенин өсүшүнөн ашып кетип жатканы белгиленген. Андыктан үй-бүлөсүндө экиден көп окуучу бар ата-энелерге кирешесине салынчу салыкты төрттөн бир бөлүгүнө чейин азайтуу сунушталууда.