БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын пляжында 1996-жылы туулган эркек киши көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 7-июнда саат 15:35 чамасында болгон.
Куткаруучулар чөгүп кеткен жарандын сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.