БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда күн күркүрөп, жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Бишкек менен Ош шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бишкекте түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 29…31 градуска чейин ысыса, Ошто абанын темпуратурасы түнкүсүн 17…19 градус, ал эми күндүз 30…32 градуска чейин көтөрүлөт.
4-6-июнда аба-ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрү коркунучу бар.