Атамбаев Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руаны кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапары менен келген Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руа менен жолугушуусунда
Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапары менен келген Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руа менен жолугушуусунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланды.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоону өткөрүүдө да европалык өнөктөштөр маанилүү роль ойной турганына ишеним чоң. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапары менен келген Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руа менен жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери, ошондой эле ар кыл чөйрөдөгү мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия менен Казакстандын өкмөт башчылары расмий сапар менен КРге келишет
Мамлекет башчысы көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн, анын ичинде заманбап биометрикалык технологияларды пайдалануу менен Жогорку Кеңешке шайлоолорду ачык жана адилет өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн биримдиктин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Атамбаев 2017-жылы боло турган президенттик шайлоону да өткөрүүдө европалык өнөктөштөр маанилүү роль ойной турганына үмүт артаарын белгиледи.

Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руа Европа биримдиги Кыргызстандын демократияны чыңдоо боюнча аракеттерин колдоону уланта турганын, ошондой эле орчундуу багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0