Эртең өлкө аймагында жаан жаап, катуу шамал болот

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAКол чатырчан адам. Архив
Кол чатырчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет 2-6-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Эртең, 2-июнда өлкө аймагында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекте ысык аба-ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июнь айында аба ырайы 37 градуска чейин ысыйт
Маалыматка ылайык, 2-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бишкек шаарында күн 32 градуска чейин ысыса, Ош шаарында 33 градус ысык болот.

Кыргызгидромет ошондой эле 2-6-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0