00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алтынчы класстын окуучусу байкабай жарым марафондук аралыкты чуркап койгон

© Фото / Нурлан ДжуманалиевЫсык-Көлдө өткөн массалык чуркоодо кокусунан жарым марафондук аралыкты чуркап койгон мектеп окуучусу Бекжан Кармышаков
Ысык-Көлдө өткөн массалык чуркоодо кокусунан жарым марафондук аралыкты чуркап койгон мектеп окуучусу Бекжан Кармышаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол катар ал чарчаган жөө күлүктөргө дем берип, апасы эртең менен портфелине салып берген момпосуй-печеньелерди таратып берген.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мектеп окуучусу Бекжан Кармышаков жакында эле Ысык-Көлдө өткөн массалык чуркоодо кокусунан жарым марафондук аралыкты чуркап койгон. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Нурдан Жуманалиев билдирди.

Чолпон-Ата шаарында 14-майда бешинчи жолу Run The Silk Road эл аралык марафону өттү. Ага быйыл 1800 жөө күлүк катышты. Аталган иш-чара үчүн Бостери айылынан Темир айылына чейинки трассанын 20 чакырымы жабылган. 

© Фото / Нурлан ДжуманалиевБекжанга кийинки марафонго катышуу үчүн сертификат ыйгарылып, "Билимкана" билим берүү мекемесинен окуу үчүн 50 пайыздык арзандатуу берилди
Пятый международный марафон Run The Silk Road в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Бекжанга кийинки марафонго катышуу үчүн сертификат ыйгарылып, "Билимкана" билим берүү мекемесинен окуу үчүн 50 пайыздык арзандатуу берилди

Темир айылынан кайтып келе жаткан жөө күлүктөргө алтынчы класстын окуучусу Бекжан Кармышаков кошулган. Жол катар ал жөө күлүктөргө дем берип, сүрөп, эртең менен апасы портфелине салып берген момпосуй-печенье менен аларды тойгузуп келген.

"Элдин баары чуркап жөнөдү, мен да калбай келе бердим. Апам эртең менен тамак-аш салып берген, аны балдарга таратып бердим. Мен күнүгө эртең менен чуркайм, ошон үчүн мындай аралык мага кеп деле эмес", — деп билдирди жеткинчек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына. 

Бекжан марафончу менен марага чейин чуркап келген.

Жуманалиев балага кийинки марафонго катышуу үчүн сертификат ыйгарылып, "Билимкана" билим берүү мекемесинен окуу үчүн 50 пайыздык арзандатуу берилгенин белгиледи.

"Бекжан Бишкектеги жеңил атлетика боюнча спорт мектебине чакырылды. Кийинки марафон үчүн ошол жактан даярданат. Баарыбызды таң калтырды. Чыдамсыздык менен күтөбүз", — деди Жуманалиев. 

Кармышаков кийинки чуркоодо 42 чакырымдык марафонго катыша турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0