БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүндө болгон апрелдеги атышууга шектелген Урмат Мусаев кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер Башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
5-апрелде Курманжан датка менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги атышууда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген, мурда соттолгон Асылбек Дүйшеев жарадар болгон. Ок Subaru үлгүсүндөгү автоунаадан атылып, ал кийин башка жерге ташталган жеринен табылган. Эртеси Бишкектин 3-кичи районунан милиция изделгендердин изине түшкөн. Ал тартип сакчыларына каршылык көрсөтүп, качканга аракет кылган. Атылган октон жаракат алып, бирок, милиция кызматкерине бычак менен кол салганга үлгүргөн. Орган кызматкери жеңил жаракат алган. Анда да Мусаев Mercedes Benz унаасы менен качып кеткенге үлгүрүп, ага издөө жарыяланган.
30-майда Мусаев кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Милициянын маалыматына караганда, ал кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү.