Бишкектин 3-кичи районунда атышуу болуп, бир милиционер бычак жеди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТапанча кармаган киши. Архив
Тапанча кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул окуяга кечээ күнү Чүй проспектиси жана Курманжан Датка көчөсүндө атышкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн катыштыгы болушу мүмкүндүгү айтылууда.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкектин 3-кичи районунда атышуу болуп, милиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары кечээ күнкү атышуудан улам кылмышкерлерди издөө иштерин жүргүзүп келген. 

"Кызматкерлер "Mercedes-Benz" жана "Honda Odyssey" үлгүсүндөгү унаалар токтотушкан. Ал учурда "Honda Odyssey" унаасы милицияга баш бербей качып кеткен. Ал эми "Mercedes-Benz" унаасын токтотууга аракет кылган милиция кызматкерин сүзүп, бир канча метрге чейин сүйрөп барган. Андан соң унаадагылар машинадан түшүп милиция кызматкерине бычак менен кол салышкан. Бул учурда кызматкер тапанча менен аны оң ийинге аткандан кийин колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, кечээ саат 19.04тө милицияга Азамат аттуу жаран телефон чалып, Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрдүн кесилишинде атышуу болгонун билдирген.

Саат 19.05те окуя болгон жерге Кайгуул милициясынын кызматкерлери жиберилген.

Милициянын айтымында, алар 4 мүнөттөн кийин окуя болгон жерге барып, күбөлөрдү суракка алышкан.

Тапанча кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги атышуу: окуянын чоо-жайы, патрулдук милицияга коюлган доомат
Күбөлөр күмүш түстөгү Subaru үлгүсүндөгү E 9369 С мамлекеттик номерлүү автоунааны көрүшкөн. Андан болжол менен 25 жаштагы киши ок чыгарып, из жашырып кеткен.

Шектүүлөрдүн изине Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИБдин жеке курамы түшкөн.

Саат 19.15те "Перехват" планы жарыяланган. Саат 19.55те Улуттук хирургиялык борборго 30 жаштагы Асылбек Дүйшеев аттуу жаран көкүрөгүнө жана сол колуна ок тийип алып келингени кабарланган. Ал атышуу учурунда жаракат алган.

Subaru үлгүсүндөгү автоунаа Аламүдүн районундагы Чокморов айылынан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0