БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда эртең, 31-майда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасы 1-6 метрге жетет.
Борбор калаа Бишкекте эртең аба ырайы 27… 29 градуска чейин ысыйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүн температурасы 31 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Нарын жана Ысык-Көл облусунда күндүз 22… 23 градуска ысык болот.