Чолпон-Атада айыл жаштарынын спартакиадасы өтөт

Жазылуу
Мелдеште элет жаштары ордо, кыргыз күрөш, кол күрөш, тогуз коргоол, футбол, волейбол жана жеңил атлетика боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында элет жаштарынын "Дени сак улут — өнүккөн өлкө" аттуу республикалык спартакиада өтө турганын Спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 29-майда башталып 2-июнда жыйынтыкталат. Мелдеш спорттун жети түрү — ордо, кыргыз күрөш, кол күрөш, тогуз коргоол, футбол, волейбол жана жеңил атлетика боюнча өтөт.

"Спартакиадага Кыргызстандын айылдарынан чыккан жаштар күч сынашат", — деди Макешов.

Ал буга чейин айылдык, райондук жана облустук сынактар өтүп, республикалык деңгээлдеги иш-чара менен жыйынтыкталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0