Кыргызстанда 11-класстар үчүн бүтүрүү кечеси 23-июнда өтөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМектеп бүтүрүүчүлөрү. Архив
Мектеп бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар үчүн акыркы коңгуроо 27-майда кагылат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанда 11-класстын окуучулары үчүн бүтүрүү кечеси 23-июнь күнү саат 10.00дө боло турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Акыркы коңгуроо" учурунда тартипке 3500 милиция кызматкери көз салат
Мындай чечим аталган министрликтин 7-майда чыккан буйругунун негизинде кабыл алынган. Буга чейин акыркы коңгуроо аземи 27-майга белгиленгени айтылган.

Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи 20-июнда өтмөй болду.

Бардык бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик аттестация 2-17-июнда болот.

Быйыл өлкө боюнча 9-классты 93 миң, ал эми 11-классты 62 миң окуучу аяктайт.

Мектепти бүтүрүү кечеси канча турат бул жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0