БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Мамлекеттик чек араны бузду деп Тажикстандын эки жараны кармалганын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандар Сох анклавындагы туугандарына жолугуу үчүн келгенин айтышкан.
Тийиштүү документтер толтурулган соң алар "Кызыл-Бел" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Тажикстандын чек арачыларына өткөрүп берилген.