Абдылдаев ШКУнун ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМинистр иностранных дел Кыргызстана Эрлан Абдылдаев. Архивное фото
Министр иностранных дел Кыргызстана Эрлан Абдылдаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУнун ишмердүүлүгүндөгү актуалдуу маселелер талкууланган кезектеги жыйын Ташкент шаарында болуп өттү.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жыйын 24-май күнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өттү.

Мында ТИМ башчылары ШКУнун мындан аркы ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселесин карап, аймактык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алмашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0