00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
В КР ужесточили ответственность за нарушения при хранении персональных данных. Кого могут наказать?
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
09:03
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Права под защитой? Омбудсмен — о самых острых жалобах кыргызстанцев
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Зарплаты выше, планка тоже: что даёт нацстатус вузу культуры и искусств
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
On air
16:04
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Прокурор: Нарымбаев күнөөлүү, Коркмазов кылмышты ачууга жардам берди

© Sputnik / Эркин Алымбековпрезиденттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов. Архив
президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик айыптоочу Данияр Нарымбаевдин күнөөсү толук кандуу далилденди деген пикирде.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отуруму уланып, тараптар акыркы сөзүн сүйлөштү.

Биринчи болуп мамлекеттик айыптоочу сөз алды. Ал Нарымбаев баюу максатында Назгүл Түлеевадан акча талап кылганын, Чыныбай Турсунбековду кепке тартып, Түлеевдин конфискацияланган мүлкүн бошотууга аракет жасаганын айтты.

"Муну Нарымбаевдин Нариман Түлеевдин иниси менен жолуканы тастыктап турат. Нарымбаев мүлктү бошотуу боюнча абалды жакшы жака чечүүгө аракет кылган. Ал Назгүл Түлеева менен 6-май күнү 2015-жылы телефон аркылуу сүйлөшүп, 7-майда Ак үйдөн жолугууга макулдашкан. Нарымбаев Түлееванын келерин билип, Нариман Түлеевдин жакын санаалашы, мурунку депутат Коркмазовду чакырган. Ал жерде экөө Назгүл Түлеевадан акча алууну сүйлөшүшкөн. Эртеси, 2015-жылдын 8-май күнү Нарымбаев кызматтык телефону аркылуу Коркмазов менен байланышып, Түлееваны кабыл алганын айткан. Андан соң Нариман уулу Бакыт эжеси Назгүлдүн тапшырмасы менен Ак үйгө 50 миң доллар алып келип берген. Өз кезегинде Назгүл Түлеева 50 миң долларды Коркмазовго берген. Ал эми Коркмазов ал акчаны Нарымбаевге тапшырган", — деди прокурор. 

Ал Нарымбаев акча алгандан кийин Жогорку соттун ишине кийлигише баштаганын кошумчалады.

Депутат Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: Нарымбаев, Коркмазовдун ишин иликтеген прокурор шалаакылык кылган
"Нарымбаев Жогорку соттун судьясы Турганбековго чалып, Түлееваны кабыл алуусун суранган. Бирок маселе оң жагына чечилген эмес. Абалды көргөн Түлеева маселе чечилбей жатканына нааразы болгон. Кийинчерээк Нарымбаев Түлеевадан дагы 200 миң доллар талап кылган. Ыза болгон Түлеева ыктыярдуу түрдө УКМКга келип, акча талап кылып жатканы боюнча арыз жазган. Андан соң сүйлөшүүлөр жүрүп, 2015-жылдын 15-июнь күнү Коркмазов Түлеевадан акча алып жаткан жеринде колго түшкөн. Ал каражатты Нарымбаевге берүү үчүн алганын айткан. Коюлган айыптар бардык документтер менен далилденип, толук кандуу бардык суроолорго жооп алдык. Жогорудагыларды эске алып, Данияр Нарымбаевди күнөөлүү деп таап, коюлган айыптар боюнча жазага тартууну өтүнөбүз", — деди мамлекеттик айыптоочу.

Экинчи мамлекеттик айыптоочу Нурлан Сулайманкулов Хажимурат Коркмазовго карата жазаны өзгөртүүнү суранды.

"Коркмазов акчаны алууга гана көмөктөшкөн. Ал акчаны өзү алган эмес. Мындан сырткары, Коркмазов жарандык милдетин аткарып, коррупцияны ачууга көмөктөшкөн. Андыктан Коркмазовко карата жазаны өзгөртүүнү өтүнөбүз", — деди прокурор.

Андан соң Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев айыптоочунун сөзүн толугу менен колдоого алды.

Кийинки кезек Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауманга жетип, ал жөн жерден күнөө коюлуп жатканын белгиледи.

"Биз Биринчи Май райондук сотунун чечимне макул эмеспиз. Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу күнөөсү коюлган. Бирок коюлган күнөөлөр далилденген жок", — деди адвокат. 

Башкы прокуратура Коркмазов менен Нарымбаев боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жарыялады
Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президент аппаратынын жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКНын тергөө абагында кармалып келишкен.

Нариман Түлеев эки ирет колдонулган мунапыстын негизинде үcтүбүздөгү жылдын 7-май күнү абактан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0