БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкектин Айни, Чортеков жана Муромская көчөлөрүнүн кесилишинде айлампа жол салынганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, айлампа жол Кайгуул милиция башкармалыгынын сунушу менен уюштурулган. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы темир бетон тосмолорду орнотту, 25 жол белгисин коюп, жол чийиндерин түшүрдү.
Ал эми "Бишкекжарык" ишканасы аталган жолду жарыктандырды. Кайгуул милициясы алгачкы күндөрү аталган жолго нөөмөт уюштурат.