00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Афган премьери: АКШнын аба соккусунан талиптердин лидери өлүшү мүмкүн

© AFP / WAKIL KOHSAR"Талибан" кыймылынын согушкерлери. Архив
Талибан кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афган өкмөтү кошумча маалыматтарды алары менен жалпы элге билдирерин айтты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Афганистан премьер-министри Абдулла Абдулла "Талибан" кыймылынын башчысы молдо Ахтар Мансур АКШнын аба соккусунан өлгөн болушу керек деди. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине таянып билдирди.

Буга чейин талиптердин лидерин жок кылган абадан урулган сокку ишемби күнү түшкө жуук Пакистандын Ахмад-Валь шаарында жасалган деген маалымат тараган. Ал Афганистанга жакын чек арада болгон. Бомбалоону учкучсуз башкарылган америкалык бир нече аба техникалары жасап, бутага согушкерлер түшкөн автоунаа алынган. 

"Өткөн түнү АКШнын администрациясынын өкүлдөрү бул туурасында Афганистандын өкмөтүнө кабарлашты. Мансур молдо чындыгында эле жок кылынган окшойт. Кошумча маалыматтарды аларыбыз менен жалпы элге билдиребиз", — деген Афганистан премьер-министри.

Афганистанда минага кабылган үй-бүлөнүн 11 мүчөсү каза болду
Анткен менен пакистандык Samaa телеканалы абадан жасалган соккудан молдо Мансур эмес, ал түшүп бара жаткан таксинин айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болду деген маалыматты таратты. Талиптердин өкүлү Рейтер агенттиги менен сүйлөшүп жатканда алардын лидеринин курман болгондугу боюнча маалыматты чекке каккан. 

Ал эми Пентагондун өкүлү Питер Кук аскердик операциянын жыйынтыгы чыгып жаткандыгын жана анын майда-чүйдөсү кийинчерээк билдирилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0