БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Эл аралык издөөдө жүргөн эки кыргызстандык Россиядан кармалганын Бишкек ШИИБи билдирди.
Алар Кыргызстан менен Россиянын ички иштер министрликтеринин биргелешкен операциясынын негизинде кармалган.
"Москва жана Саратовдо эл аралык издөөдө жүргөн эки кыргызстандык кармалды", — деп жазылат билдирүүдө.
18-19-майда Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында "Издөө" рейди жүргөн.
Анын жыйынтыгында каза болгон төрт кишинин ким экени аныкталган. Ошондой эле издөөдө жүргөн 12 киши кармалып, дайынсыз жоголгон 8 киши табылган.