Өмүрү ат үстүнөн түшпөй, жайыттан жайыт которуп малчылык менен чарбасын өткөргөн кыргыздар чен-өлчөмдү аныктап, жазып жүрбөгөнү менен буларды ар кыл ыкмалар менен ченеп келишкен.
Узундукту — чыпалактай, бармактай, узундугу бир эли, жарым эли, чыканак, кары, карыш, кере карыш, мерген кары;
Калыңдыкты — кылдай, бычак мизиндей, ийненин сабындай, бычактын сыртындай, бир эли, эки эли, үч эли, төрт эли, таман;
Жоондукту — жоондугу бир тутамдай, билектей, сандай, кишинин белиндей, өгүздүн белиндей, кулач, кере кулач;
Салмакты — бир кесим эттей, кол кесердей, бир сан эттей, бир койдун же козунун этиндей, төөнүн этиндей;
Убакытты — көз ирмем, чай кайнам, эт бышым деп айтышкан.
Аянтты — алакандай, үйдүн ордундай, короодой, танап (0,005 га), теше (16 га);
Бийиктикти — тушардай, тизе бою, киши бою, кереге бою, үй бою, укурук бою, аркан бою, төө бою;
Тереңдикти — төө бою, укурук бою, тизедей, киши бою;
Майда заттарды — кыпындай, таруудай, бир чымчым, бир ууч, бир кочуш, бир чөйчөк, бир аяк, муунга ченеп өлчөө, кап, тай кап, этек, баштык, тулуп;
Суюктуктарды — чака, челек, табак, көнөк, көөкөр, саба, бир кулак суу деп өлчөшкөн.