БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков менен "Тумар КР" тобу Britain's got talent телешоусунун калыстар тобунун мүчөсү жана продюсер Саймон Коуэлл менен келишим түздү. Бул тууралуу бийчилердин менеджери Айбек Мирбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, май айынын башында кыргызстандык бийчилер Britain's got talent телешоусуна катышып, калыстар — Саймон Коуэллди (продюсер), Дэвид Уолльямсты (актер), Аманда Холденди (актриса) жана Алиша Диксонду (ырчы) жана көрөрмандарды катуу таң калтырган.
Мирбековдун айтымында, мекендеш таланттар азыр телешоунун кийинки туруна катышуу үчүн даярдыктарды көрүп, Лондондо жүрөт.
Тумандуу Альбиондогу телешоу аяктагандан кийин келишим толук күчүнө кирип, кыргызстандык бийчилер дүйнөлүк деңгээлдеги бир нече номерлерди даярдай турганын кошумчалады.