БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Укук коргоочулар — Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна берип, моралдык чыгым үчүн 4 миллион сом талап кылышат. Бул тууралуу Абдирасулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Өлкө башчысы Атамбаев 14-майда Энелер күнүнө карата уюштурулган салтанатта "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп айткан.
Абдирасулова БУУнун укук коргоочуларды коргоо боюнча атайын баяндамачысына КР президенти тарабынан басым болгону тууралуу кат жолдошконун кошумчалады.
Ал ошондой эле сотко берген арызында президенттин расмий түрдө кечирим сурашын талап кылганын жана Исмаилова экөө моралдык чыгым үчүн эки миллион сомдон төлөп берүүнү талап кылганын билдирди.
Эгер талап кылынган сумманы өндүрүп алышса аны журналист Дайыр Орунбеков менен коомдук активист Уран Ботобековдун президентке жана анын жардамчысына болгон карызын төлөөрүн кошумчалады.
"Моралдык келтирген чыгымдарды утуп ала турган болсок Исмаилова экөөбүз бир миллион сомдон чыгарып Дайыр Орунбековдун президентке соттон утулуп калган акчасын төлөйбүз. Андан ашканын президенттин жардамчысы Икрам Илмияновдон соттон утулуп калган Уран Ботобековго беребиз", — деди ал.
Абдирасулова бул боюнча кенен маалыматты эртең журналисттерге бере турганын билдирди.