БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек — Торугарт автожолунун Кочкор районундагы Куакы ашуусунда жүк ташуучу КамАЗ автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, ал оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, автоунаанын ичинде эки киши болгон. Алардын бирөөсү Ысык-Көл облусунун 31 жаштагы тургуну экени аныкталган. Экинчи жарандын ким экени азыр тактала элек.
Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн автоунаадан чыгарышып, ИИМ кызматкелерине өткөрүп беришкен.