БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Монголияда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген кичинекей шахматчылар менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
© пресс-служба мэрии города БишкекЭл аралык мелдеште беш жаштагы Чыңгыз Султай БЛИЦ боюнча күмүш жана классикалык шахмат боюнча коло медаль тагынган
Эл аралык мелдеште беш жаштагы Чыңгыз Султай БЛИЦ боюнча күмүш жана классикалык шахмат боюнча коло медаль тагынган
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Эл аралык мелдеште беш жаштагы Чыңгыз Султай БЛИЦ боюнча күмүш жана классикалык шахмат боюнча коло медаль тагынган. Дагы бир спортчу беш жаштагы Айдана Съездбекова классикалык шахмат боюнча күмүш медалга ээ болгон.
Калаа башчысы балдарга баалуу белек тапшырып, дагы көп ийгиликтерди багынтууну каалады.
Жолугушууга Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов, шахматчылардын ата-энеси катышып, андаа балдардын шахмат академиясын түзүү сунушу талкууланды.