БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобунун мүчөлөрү Айбек Мирбеков менен Өмүрбек уулу Баяманды кабыл алып, Лондондо өтө турган Britain’s Got Talent сынагына катышуу үчүн акча бөлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, май айынын башында бийчи балдар англиялыктарды өз өнөрү менен таң калтырып, кийинки турга өткөн болчу.
Атамбаев балдар менен сыймыктанарын айтып, алардын аракети, ийгиликтери бардык кыргызстандыктар үчүн үлгү экенин белгиледи.
"Биздин жаштарыбыздын арасында күчтүү, кыйын адамдар көп. Алар өзүнүн чеберчилиги, өнөрү, жаңы идеялары менен дүйнө жүзүндө Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келишет. Мен мындай изги аракеттерди дайым колдойм", — деди президент.
Өлкө башчы өнөрпоздорго ийгилик каалап, Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында өтө турган Britain’s Got Talent сынагына катышуучу "Тумар КР" тобуна каражат берди.