БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жекшемби күнү Бишкектин эки башка аймагында эки жаран суицид кылууга аракет жасагандыгы тууралуу Тез жардам кызматынан Егор Борисов билдирди.
"Түнкү саат 10.30 чамасында Чоң Чүй каналынын аймагындагы Алматы көчөсүнөн чакыруу түшкөн. 27 жаштагы аял жолдошу менен болгон катуу уруштан кийин өзүн өзү өлтүрүү максатында 50 даана димедрол ичип алганын айткан. Ушундай эле окуя Фурманов көчөсүндө катталган. Тагыраагы, 32 жаштагы аял өзүнө кол салып 20 таблетка димедрол ичип алган", — деп белгилейт Борисов.
Дарыга ууланган эки жаран ооруканга жеткирилишкен.