БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жибек Жолу проспектисиндеги жол тилкелерин бөлүп туруучу тосмолор Лермонтов көчөсүнө чейин уланат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди.
Жибек Жолу проспектисинин Аламүдүн базары тараптагы бөлүгүндө жолду экиге бөлүү үчүн тосмолорду орнотуу иши бир апта мурун жол кырсыктарынын алдын алуу максатында башталган.
Мындан сырткары, Курманжан датка көчөсүнө да жолду экиге бөлүп туруучу тосмолор орнотулууда. Ал эми Алматы көчөсүнө реконструкцияга ылайык, жолду экиге бөлүүчү белгилер орнотулган.
Жана ошондой эле жол ортосуна коюлуучу тосмолор Дэн Сяопин көчөсү боюнча Интергельподон тартып Садыгалиев көчөсүнө чейин орнотулууда.