00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эксперт: CASA-1000 РФ менен КРдин энергетика жаатында чогуу иштешүүсүн шарттайт

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетика жаатындагы эксперт Александр Пасечник долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга кошумча ГЭСтер курулуусу керектигин белгилейт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik, Мария Шелудякова. CASA-1000 энергетикалык долбоорунун ишке ашуусу Кыргызстанда кошумча гидроэлектр станцияларын курууну талап кылып, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы энергетика жаатындагы мамилесин жакшыртат. Бул тууралуу Россиядагы Улуттук энергетикалык коопсуздук фондусунун жетекчиси Александр Пасечник билдирди.

CASA-1000 линиясынын узундугу 750 чакырымды түзөт. Биринчи этапта Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык системаларын бириктирген "Датка — Кожент" линиясы курулат. Андан соң электр өткөрүүчү линиялар Тажикстандан Афганистанга, андан Пакистандын Пешавар шаарына кетет.

Кыргызстан менен Тажикстандын премьерлери кызматташууга дилгир
Эксперт бул долбоорду иштеп чыгуу жарым жыл мурда актуалдуу болгонун белгилейт. Анткени CASA-1000 долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн кошумча энергияны иштеп чыгуу зарыл. Бул кадам Кыргызстанда кошумча төрт ГЭСтин курулушу менен ишке ашмак. Бирок үстүбүздөгү жылдын январь айында ГЭСтердин курулушун каржылоого макулдук берген Россия тарап каржылоо жаатында көйгөй жаралганын айтып, келишим жокко чыгарылган.

Эксперт энергетикалык долбоор буга чейин чечилбей калган ГЭСтерди куруу маселесин оң нукка буруп, эки өлкө ортосунда энергетика жаатында чогуу иштешүүгө түрткү болорун айтат.

"Долбоор Россия менен Кыргызстандын ортосундагы ГЭСтерди куруу келишими күчүндө турганда актуалдуу эле. Азырынча ал токтотулгандыктан долбоорду ишке ашыруу маселеси жаралат. Анткени Кыргызстан аркылуу кошумча энергетика алмайын CASA-1000 ишке ашпайт", — деди Песечник.

Долбоорду ишке берүү 2019-2020-жылдарга белгиленген. Анткен менен эксперт бул убакыт созулуп кетиши мүмкүндүгүн белгилейт.

"Бул тилектин ишке ашуусу инвесторлордун маанайына жана каржылоосуна карата чечилет. Андыктан менимче 2020-жылга чейин бүтүрүп салуу эртелик кылат", — деди ал.

Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер энергохолдингге долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүүнү тапшырды
Орто Азия өлкөлөрү CASA-1000 долбооруна ар кыл баа беришүүдө. Анткени электр энергиясын бөлүшүүдө ар кимдин өз кызыкчылыгы бар. Кыргызстан менен Тажикстан ири долбоор боюнча суу берүүчүлөр болсо, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан колдонуучулар болуп саналат. Колдонуучулар электр энергиясын эксплуатациялоону СССР убагындагы системага окшоштуруу керектигин билдирип келишет. 

Анткен менен Афганистан жана Пакистан кошумча электр энергиясы үчүн акча төлөөгө макул.

"Орто Азиядагы суу ресурстары чектелүү. Андыктан маселени чечүү үчүн жаңы талкуулар уюштурулуусу керек", — деди Пасечник.

Долбоорго катышып жаткан мамлекет башчылары (Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан) 12-майда Тажикстандагы электр линия курулушунун жерпайын түптөө аземине катышат. Кыргызстандын атынан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган топ бүгүн, 11-майда жөнөп кетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0