Эртең Бишкекте күн ачык болуп, өлкөнүн башка аймактарында жаан жаайт

Жазылуу
Бийик тоолуу автожолдордо кар күрткүсү түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Эртең Бишкек шаарында күн ачык болуп, ал эми өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Катуу жамгырда бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жааган жамгыр бир айлык нормадан ашты
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу автожолдордо кар күрткүсү түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Ал эми Ош шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз 21 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0