БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун маалымат катчысы болуп Мирлан Токталиев дайындалды. Бул тууралуу ЖКдан маалымдашты.
Белгилей кетсек, Турсунбеков экс-спикер Асылбек Жээнбеков өз каалоосу менен кызматтан кеткенден кийин анын ордуна келген.
Токталиев буга чейин КСДП фракциясынын катчылыгында иштеген. Ага чейин "Азаттык" радиосунда кабарчы болуп эмгектенип келген.