БИШКЕК, 10 май — Sputnik. Кыргыз сомуна бүгүн 23 жыл толду. Бул убакыт аралыгында улуттук валюта стабилдүүлүккө ээ болуп, жарашыктуу жасалгада басылып жатты.
Сомдун туулган күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги улуттук валюта тууралуу 23 кызыктуу фактыларды келтирет.
- Сом 1993-жылдын 14-майында кечки саат 18.00дө Кыргызстандын аймагындагы мыйзамдуу валюта катары кабыл алынган.
Сом — постсоветтик аймактагы рублдан кийинки эң биринчи валюта болуп эсептелет.
Сом "жергиликтүү эмес"… Улуттук акча Франция менен Мальтада басылып чыгат. Ал эми металлдан жасалган тыйындар Казакстанда даярдалат.
Учурда Улуттук банк көрсөткөн нарк боюнча рубль сомдон 3,5 тыйынга кымбат. Ал эми 1 доллар 68,54 сомго бааланат.
Кыргыз акчалары 100 пайыз кебезден жасалган.
Улуттук валютанын "жашоо" мөөнөтү беш жыл.
Жүгүртүүдөгү 10 сомдук монеталарды колоннага тизе турган болсо, анын бийиктиги экзосферага жетип калат (9 миң 500 чакырым).
Кыргыз акчасынын көрүнүшү кандай болуусу керек экени Улуттук банк, Илимдер академиясы, президент жана премьер-министр тарабынан чечилет.
Эл аралык банкноттук коомчулук беш миң сомду эң кооз акчалардын бири катары тааныган.
Азыркы жүгүртүүдөгү акчалар жаандан кийин пайда болгон асан-үсөндүн бардык түстөрүнө боёлгон.
Сомдун 30дан ашык коргоочу элементтери бар. Аларды Улуттук банк сыр катары айтпай келет.
Көлөмү боюнча эң чоң беш миң сомдук акчада СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү тартылган.
Көпчүлүк учурда 500 жана 1000 сомдук акчалар көп жасалмаланат. Жыл сайын 200-300гө жакын күмөндүү акчалар жүгүртүүдөн алынат.
Жыл сайын 50 тонна кыргыз акчалары жок кылынат.
2010-жылдан тарта 1, 5 жана 10 сомдук кагаз акчалар жүгүртүүдөн алынып салынган.
3,6 миллиард долларды түзгөн Кыргызстандын сырткы карызын төлөө үчүн 514 миллион 152 миң 810 килограмм 1 сомдук тыйын керектелет.
Монеталардын курамы 94-95 пайызга болоттон туруп сырты никель менен капталган.
Кыргыз валютасынын дизайны төрт жолу өзгөргөн.
Кыргыз банкноттору ийкемдүү келет, аларды беш миң ирет бүктөсө болот.
Эски сомдор жок кылынгандан кийин калдыктары картон жасоого жөнөтүлөт.
Улуттук акчага "сом" деген аталышты алуу үчүн Кыргызстан Казакстан менен таймашкан. Натыйжада Кыргызстан биринчилерден болуп сомду киргизген.
Жергиликтүү валютанын наркын сактап калуу үчүн 2015-жылы Улуттук банк болжол менен 320 миллион доллар кетирген.
Эски сомдор чет жерде кымбат турат. Мисалы 1994-жылкы 100 сомдук акча 119 долларга бааланган.