Улуу муундагы кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө мүнөздүү өмүр жолун басып өткөн Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев 1912-жылы Кемин районундагы Төрт-Күл айылында туулган. Ал жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай жүргөн. 1922-жылы гана совет бийлигинин жиберген балдар комиссиясы аны таап алып, бактысын ачкан. "Эртеси баарыбызды Токмок интернатына беришкен, ошол күнү өтө бактылуу болдум, мени Абдрасул Токтомуш уулу деп өз наамымда кагазга жазышкан, ошондон кийин Абдрасул атым өзүмө кайтарылып берилди", — деп эскерген. Көрсө, дунган байларында жүргөндө анын атын Лайвазы (келгин бала) деп аташып, ошол атка көчүп, өз ысымы унут болуп бараткан экен. Ошол кездеги оор күндөрү тууралуу автор көп жазган. Анын "Унутпаймын" деген бир ырында акын ал кездеги башынан өткөргөндөрүн кейиштүүлүк менен эскерип, өлүмдөн алып калган совет бийлигине чексиз алкышын билдирген.
Токтомушевдин чыгармачылыкка кызыгуусу Ташкенттеги суу чарба политехникумунда окуп жүргөндө башталган. Ошол жылдары ал САКУнун алдындагы адабий ийримдин ишине катышып жүрөт. Өзгөчө ага алгач окуган Тоголок Молдонун "Кедейлерге насыят", Касымалы Баялиновдун "Ажар", Аалы Токомбаевдин "Ленин тууралуу" деген китептери күчтүү таасир этип, ал өзү да ушундай китеп жазсам деп дегдеп калат.
Токтомушевдин алгачкы "Дыйкандарга" деген ыры 1930-жылы 31-январда "Кызыл Кыргызстан" газетасына жарыяланган. Мына ушундан тартып анын чыгармалары басма сөздөрдөн кеңири орун ала баштаган.
Сөздөрү орундуу, ыр саптары, ыр түрмөктөрү чыйрак, уйкаштуулугу дурус ырларды жазганы менен Абдрасул Токтомушевдин 30-жылдардагы поэзиясы баары бир өзүнө таандык бөтөнчөлүктөрү менен бөлүнүп турган деңгээлге жете албаган. Анын поэтикалык изденүүсү эпикалык формада дурус ишке ашты. 1937-жылы жарык көргөн "Какшаалдан кат" поэмасы автордун атын дароо жалпы журтка белгилүү кылып, 30-жылдардагы кыргыз поэзиясына кошулган мыкты салымдардын катарына кирди. Поэма Кытай жеринде калган кыргыз кыздарынын типтүү өкүлү болгон Сайранын ички толгонуулары аркылуу жеке адамдын мекен, эл-жер менен ажырагыс биримдигин көрсөтүүгө арналган. Ал кат формасында жазылып, окуя Сайранын баяны түрүндө өнүктүрүлөт. Ал 1958-жылы орусчага которулуп, Москвадан чыккан "Ак көгүчкөн" жыйнагында жарыяланган. 1942-жылы жазылган "Сүйүүнүн күчү" деген ырында бир караган адамга кадимки эле сүйүү сезими жөнүндө сөз болот го дегендей ой туулат. Бирок бул ырдан улам биз өзүбүз үчүн сүйүүнүн жаңы жактарын ачабыз. Асыресе мекенди сүйүү керектигин сезебиз.
Сүйүү чиркин кандай күчтүү керемет,
Сүйүү десе жүрөк булкуп термелет.
О, сүйгөнүм! Менин алтын мекеним,
Сенсиз мага турмуш бир ууч өңдөнөт.
Мөңгү басып, муз төшөсөм муздабайт,
Сүйүү күчү жанга бөтөн дем берет.
Чокко күйбөс, музга тоңбос бул жүрөк,
Нур жылдыздан сени бүткөн деп билет.
Ыр согуш мезгилинде жазылгандыктан, мекенди чексиз сүйүү сезиминен тышкары душманды жек көрүү сезими мында абдан таамай жана курч көрсөтүлгөн.
Балдар акыны, романист жана сатирик
Акындын балдарга арналган "Хан жана Жуматай", "Тынчтык үнү", "Достук" ж.б. чыгармалары бар. 1989-жылы "Үркүн" аттуу автобиографиялык романы "Ала-Тоо" журналына басылып, бирок чыгарма аягына чыкпай калган.
Токтомушевдин эпикалык поэзиясы жөнүндө кеңири сөз кылууга материалдар толук жетиштүү. Анткени автор көп сандаган поэмаларды жана ыр менен жазылган "Алтын тоо" романын жаратты. "Өчкөн шамың күйүптүр", "Сүйүү жана коркунуч" поэмаларында советтик жаштардын таза сүйүүсүнүн салтанаты көрсөтүлсө, "Жалгыз аркар", "Бир ооз сөз" поэмаларында сүйүүдөгү жана үй-бүлөө турмушундагы кейиштүү учурлар сүрөттөлгөн. Өткөн замандагы сүйүүнүн абалы, анын коомдук-социалдык маңызын көрсөтүү максатында автор "Тоо туткуну", "Ак Мөөр" поэмаларын жазган. Ал эми ыр менен жазылган "Алтын тоо" романы — анын чейрек кылымдык чыгармачылык үзүрү. Анда козголгон маселе 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө мурда жазылган ири чыгармалар менен кандайдыр бир деңгээлде үндөш. Октябрь революциясына чейинки теңсиздик коом, кыргыз эмгекчилеринин эзилген оор турмуш абалы, падышага солдат бербейбиз деп 1916-жылы көтөрүлүшкө чыкканы, Кытайга качуу, ал жактан кайтып келүү, Совет бийлигинин орношу жана чыңдалышы, ал учурдагы тап күрөшү, сабатсыздыкты жоюу "Алтын тоо" романында жалпы тарыхый кырдаал катары көрсөтүлгөн турмуш чындыгы. Бул чыгарма Токтомушевдин чыгармачылыгындагы эң олуттуу көрүнүш жана ал чыгармасы үчүн 1974-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Мындан тышкары "Эмгек Кызыл Туу", "Элдердин достугу", "Ардак белгиси" ордендери, "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн", Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн", "Эмгек ветераны" медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамоталары, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Токтомушев 1995-жылы 83 жашында дүйнөдөн кайткан.