23 жаштагы Элдияр Абдымаликов миллиондогон акча сарптабай эле эски бекеттин кантип калыбына келтирип, көчөлөрдү таштандыдан кантип арылтуу керектигин жакшы билет.
— Адатта, жаштар чоңураак шаарларга кеткиче шашат. Ат-Башыдан кетсем деген ой болду беле?
— Мен үйдүн кичүү баласымын, демек салт боюнча ата-энем менен жашашым керек. Анын үстүнө башка жакта, ошол эле Бишкекте жашоого андай деле каалоом жок. Борбордо туруктуулук жок: бүгүн май чайнасаң, эртең жумуштан кол жууп, көчөдө калышың мүмкүн.
Ат-Башыда дүкөн же дагы бир нерсе ачып иштетсем болот. Эртеңки күнүм үчүн тынчсызданбайм. Айыл жеринде бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр жогору.
— Бишкекти биринчи көргөндө кандай ойдо болдуңуз?
— Аябай чоң экен. Кишинин көбүн айтыңыз, күн сайын жаңы адамдарды көрүүгө болот. Өзгөчө кыздарды.
— Шаардын ыңгайлуулугу, шарттын көбү сизди өзүнө тарткан жокпу?
— Жок, Ат-Башыда деле ыңгайлуулуктар талаптагыдай. Элдин көбү үйүнө суу, канализация киргизип алган. Суу ысытуучу жабдуулар орнотулган.
— Ат-Башыга эмне самап барса болот?
— Табигый таза продукция! Бизге эч кандай химиянын кереги жок. Кышында жер 1-1,5 метр тереңдикке чейин тоңуп, зыянкечтердин баарын өлтүрөт. Балыбыздын даамы укмуш. Таш-Рабат, Кошой-Коргон, асман тиреген тоолор, албетте…
— Кооз болсо керек?
— Сөз жетпейт!
— Айыл турмушуна кантип аралашып калдыңыз эле?
— Бишкек — Торугарт жолу биздин айылдан өтө турган болуп калды. Ат-Башыдагы жолдун бөлүгүн кура турган кытай компаниясы кыргызстандык фирманы ишке тартыптыр. Ал апрелде ишке киришип, борбордук көчөнү жаап салды.
Сентябрь айы болчу, иш таптакыр жылбай койду. Жергиликтүү компания акча табуунун эле айласын кылып, иштөөгө таптакыр мойну жар бербей койду окшойт. Анан айылдык жаштар ал компанияны алмаштырууну талап кылып митингге чыктык. Заказ берген башкы компания менен байланышып, иш жагдайын түшүндүрдүк. Ыраазычылык иретинде кытай компаниясы бизге шагыл төгүп берди.
— Бул жанагы майдаланган таш да, ээ?
— Кызык экен! Эл ушуга атайын убактысын бөлүүгө даяр бекен?
— Коомчулук колдоду, бирок бизнес жааты кайдыгер экен. Чакан насыя берүүчү уюмдарга кайрылып, айылга таштанды челектерди орнотуу сунушун айттык эле, бирок алты компания тең мындан баш тартып койду.
Мындан соң биз бул оюбузду долбоор иретинде жазып, Жаштардын өнүктүрүү институтунан грант утуп алдык. Жакында айыл көчөлөрүндө таштанды челектер пайда болот. Муну менен бирге муниципалдык кызматтарды бир жумада бир эмес, эки жолу чыгарып таштандыны турууга көндүрдүк.
— Буга кантип күчүңөр жетти. Адатта мындай мамлекеттик кызматтар тоң моюн келет эмеспи?
— Биздин айыл өкмөтүбүз 30 жаштагы жигит. Ал айылдыктардын ыңгайлуулугу үчүн колунан келген бардык аракеттерди жасап жатат. Аны менен сүйлөшүү абдан оңой.
— Өзүңүздү беш жылдан кийин кандай элестетесиз?
— Туризм менен олуттуу алектенип, өзүмдүн ишканамды ачсам дейм. Апам шырдак жасайт, ага жардам бергим келет. Анан албетте, мүмкүнчүлүгүм болсо көп адамга жардам берем.