БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 6-7-май күндөрү шайлоочулар менен иш алпарып, округдарда болот. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Келерки аптанын жума, ишемби күндөрү парламентарийлер эл менен жолугат.
"Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынган", — деп түшүндүрдү маалымат кызматы.
Катар келген май майрамдарынан улам, ишемби – 7-май иш күнгө туура келген.