БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Панфилов райондук милициясына алтын кашыктары баш болгон буюмдарын уурдатып жиберген кайыңдылык аял арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирди.
Арыз ээсинин айтымында, 24-марттын түнүндө белгисиз бирөөлөр үйүнө кирип, алты алтын кашыгын, баалуу сөйкөлөрүн жана төшөк, буюмдарын алып кеткен.
Милиция учурда чыгымды эсептеп жатат. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 164-беренеси (чоочун бирөөлөрдүн буюмун уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, милиция 31 жаштагы кишини кармап, убактылуу кармоо жайына киргизген.
Маалымат кызматы учурда тергөө иштери башталгандыгын кошумча кабарлады.