Алмазбек Атамбаев жер көчкү алдында калган баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Жазылуу
Өлкө башчы Эрлан Урматбек уулунун үй-бүлөсүн колдоо максатында 100 миң сом бөлүү жарлыгына кол койду.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жер көчкү алдында калган Эрлан Урматбек уулунун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет. 

Бозала чаң, кыйкырык — Сузак районунда түшкөн жер көчкү. Күбөнүн видеосу
Мындан сырткары, Атамбаев каза болгон баланын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү. 

Белгилей кетсек, 27-апрелде кечинде саат 18.00дөр чамасында болжол менен көлөмү 1 миллион 600 миң куб метр жер көчкүсү жүрүп, алты турак жайды жана 16 жашар баланы басып калган

Анын сөөгү бүгүн түштөн кийин жер алдынан табылды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0