Таластыктар ордо боюнча Кыргызстандын чемпиону болушту

© Sputnik / Айша КамиловаУлуттук ордо оюнунун оюнчусу чемпионат учурунда
Улуттук ордо оюнунун оюнчусу чемпионат учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалдык беттешүүгө таластык командага Бишкектин оюнчулары атаандаш болушту. Мелдеш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күч сынаша турган кыргызстандык команданын курамына кирүүчү ордочуларды аныктады.

ОШ, 27-апр. — Sputnik. Таластын командасы Кыргызстандын ордо боюнча чемпионатында биринчи орунду ээлешти. 

© Sputnik / Айша КамиловаТаластын командасы Кыргызстандын ордо боюнча чемпионатында биринчи орунду ээлешти
1/4
Таластын командасы Кыргызстандын ордо боюнча чемпионатында биринчи орунду ээлешти
© Sputnik / Айша КамиловаМелдеш шаршемби күнү түштүк калаада өттү. Ага республиканын бардык аймагынан келген сегиз команда ат салышты
Мелдеш шаршемби күнү түштүк калаада өттү. Ага республиканын бардык аймагынан келген сегиз команда ат салышты - Sputnik Кыргызстан
2/4
Мелдеш шаршемби күнү түштүк калаада өттү. Ага республиканын бардык аймагынан келген сегиз команда ат салышты
© Sputnik / Айша КамиловаМаалыматка ылайык, ар бир командада жети оюнчу менен бирге запастагы бир оюнчу жана машыктыруучу болду
3/4
Маалыматка ылайык, ар бир командада жети оюнчу менен бирге запастагы бир оюнчу жана машыктыруучу болду
© Sputnik / Айша КамиловаЧемпионаттын жыйынтыгы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган улуттук курама команда куралат.
4/4
Чемпионаттын жыйынтыгы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган улуттук курама команда куралат.
1/4
Таластын командасы Кыргызстандын ордо боюнча чемпионатында биринчи орунду ээлешти
2/4
Мелдеш шаршемби күнү түштүк калаада өттү. Ага республиканын бардык аймагынан келген сегиз команда ат салышты
3/4
Маалыматка ылайык, ар бир командада жети оюнчу менен бирге запастагы бир оюнчу жана машыктыруучу болду
4/4
Чемпионаттын жыйынтыгы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган улуттук курама команда куралат.

Мелдеш шаршемби күнү түштүк калаада өттү. Ага республиканын бардык аймагынан келген сегиз команда ат салышты. Маалыматка ылайык, ар бир командада жети оюнчу менен бирге запастагы бир оюнчу жана машыктыруучу болду.

КРдин футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U-16). Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин өспүрүм футболчулары казак атаандаштарынан жеңишти тартып алды
Чемпионаттын башкы калысы Абдылда Шерматов финалдык оюнда таластыктар Бишкек командасын 113:24 эсебинде утуп алып, биринчи орунду ээлегенин айтып берди. Экинчи орунду бишкектиктер алса, үчүнчүнү Оштун командасы ээледи.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган улуттук курама команда куралат. Ага байгелүү орунга ээ болгон ордочулар кирет. 

Ордо — чүкө менен ойнолуучу улуттук оюндардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0