БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүм кыздарынын курамасы (U-14) Азия биринчилигине катышуу үчүн Душенбе шаарына барышты. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирет.
Турнир 26-апрелден1-майга чейин Тажикстандын Душанбе шаарында өтөт. Анда эки тайпага бөлүнгөн жети команда күч сынашат.
"А" тайпасына Кыргызстан, Тажикстан, Бутан жана Иран курамалары кирсе, "В" тайпасында Бангладеш, Непал жана Индия командалары ат салышат.
Мындан сырткары, кыргызстандык калыстар Рамина Цой менен Вероника Бернацская кыздар арасында өтчү футбол турниринде калыс болушат.